1-майдан тартып электр энергиясына баа кымбаттайт

  • 2 месяца мурун

Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.

Министрлер Кабинетинин бул токтому – тартыштык шарттарында электр энергиясын керектөөчүлөрдү электр менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жабдуу, ошондой эле электр менен жабдуучу уюмдардын чыгымдарынын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында кабыл алынды. 

Бул токтом 2025-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

2025-жылдын 1-майынан тартып 700 киловатт саатка чейинки тариф эл үчүн 1 сом 30 тыйындан, (мурда 1 сом 11 тыйын болчу, ал эми 700 киловатт сааттан ашса, 2 сом 60 тыйындан төлөйт (мурда 2 сом 39 тыйын болчу.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты