14-августтагы электр энергиясынын авариялык өчүрүлүшүн атайын комиссия иликтейт  

Кыргызстандын Энергетика министрлиги 2026-жылдын 14-августундагы энергетикалык тутумдагы технологиялык аварияны атайын комиссия иликтей турганын билдирди.   

“Биргелешкен техникалык иликтөө аяктаганга чейин авариянын кийинки бардык кесепеттери үчүн жоопкерчиликти Кыргызстандын энергетикалык тутумуна жүктөө туура эмес. Технологиялык бузулуунун себептери атайын комиссия тарабынан иликтенет” деп айтылат маалыматта.  

Энергетика министрлиги 14-августтагы технологиялык бузулуунун себептерин мындайча түшүндүрдү:

-2026-жылдын 14-августунда саат 15:37де болгон технологиялык бузулуудан кийин Кыргызстандын энергетикалык тутуму Борбордук Азиянын Бирдиктүү энергетикалык тутумунан (БАБЭТ) бөлүнүп, өз алдынча иштөө режимине өткөн. Кыргызстандын энергетиктери энергетикалык тутумдун иштөө режимин турукташтыруу боюнча зарыл болгон ыкчам чараларды көрүп, кыска убакыттын ичинде, саат 15:55те, БАБЭТтеги жыштыкты нормалдуу көрсөткүчкө — 50 Гцке чейин калыбына келтирип, жыштыкты жөнгө салууну камсыз кылышкан. Ошол эле учурда Кыргызстандын энергетикалык тутуму коңшу мамлекеттерге болжол менен 250 МВт көлөмүндө кубаттуулук берүү менен жардам көрсөткөн.

Алматы энергетикалык түйүнүнүн өчүшү Борбор Азия бирдиктүү энерго тутумундагы (БАБЭТ) жыштык номиналдык көрсөткүчкө жеткенден кийин болгон.

“Ошол эле учурда технологиялык бузулуунун жагдайларын тактоо учурунда Токтогул ГЭСиндеги эки гидрогенератордун кыска мөөнөткө өчүрүлгөнү аныкталган. Бул параллелдүү иштеп жаткан Борбордук Азиянын Бирдиктүү энергетикалык тутумундагы баштапкы бузулуу болуп, кубаттуулук агымдарынын өзгөрүшүнө жана аварияга каршы автоматиканын иштешине алып келген. Муну менен катар, бул баштапкы бузулууну башка мамлекеттердеги айрым энергетикалык тутумдардын жана түйүндөрдүн өчүшүнүн түздөн-түз себеби менен теңештирүүгө болбойт.

Мындай кырдаалдарда энергетикалык тутумдар тең салмактуулук калыбына келтирилгенге чейин изоляцияланган режимде, анын ичинде төмөндөтүлгөн жыштык шартында да туруктуу иштөөнү камсыз кылат. Ошондуктан Борбордук Азиянын башка мамлекеттериндеги энергетикалык түйүндөрдүн өчүшү боюнча ошол мамлекеттердин энергетикалык тутумдарында андан кийинки этапта жүргөн процесстерге өзүнчө талдоо жүргүзүү зарыл.

Биргелешкен техникалык иликтөө аяктаганга чейин авариянын кийинки бардык кесепеттери үчүн жоопкерчиликти Кыргызстандын энергетикалык тутумуна жүктөө туура эмес.

Энергетика министрлиги технологиялык бузулуунун себептери атайын комиссия тарабынан иликтенерин билдирди.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдиргендей, акыркы жарым жыл ичинде өлкөдө жогорку чыңалуудагы 26 авариялык өчүрүү катталган. Бузулуулардын себептери болуп, жабдууларды пайдалануу эрежелерин, коопсуздук техникасын бузуу, жабдуулардын техникалык абалы, ошондой эле аткаруучу уюмдардын күнөөсүнөн электр берүү линиясынын (ЭБЛ) үзүлүүсү жана бузулушу, айрым жооптуу жетекчилердин кайдыгер мамилеси саналат.

Буга байланыштуу МинКаб башчысы президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Апсатаровго бул маселени жеке көзөмөлгө алуу, ошондой эле республиканын бир катар аймактарында, анын ичинде 14-августта болгон окуя боюнча электр энергиясынын өчүшүнүн себептерин кылдат изилдөө үчүн атайын комиссия түзүү тапшырмасын берди.

14-август күнү саат 15:34 чамасында Кыргызстандын бир катар аймагында кыска убакыттын ичинде электр жарыгы жапырт өчүп-күйдү. Мунун себебин расмий органдар Казакстандын энергетикалык системасынын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн байланыштырган жогорку чыңалуудагы электр линиясы тышкы себептерден улам өчүрүлгөндүгү менен түшүндүргөн. Натыйжада Борбор Азиянын Бирдиктүү энергетикалык системасы (БАБЭС) өзүнчө, обочолонгон энергетикалык түйүн режимине, Кыргыз Республикасынын энергетикалык системасы убактылуу обочолонгон режимде иштөөгө өттү. Жабдууларды сактап калуу максатында автоматтык коргоо системалары белгиленген тартипке ылайык иштегендиги айтылган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты