Мунай ташыган компанияларга мамлекет 1 млрд сомго жакын субсидия төлөп берди

Бензиндин чекене баасын туруктуу кармап туруу максатында мунай ташыган компанияларга мамлекет тарабынан 1 млрд сомго жакын субсидия төлөнүп берилди.

Бул тууралуу, өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоого байланышкан маселелер боюнча Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында төрага Адылбек Касымалиев билдирди. 

Субсидиянын берилиши калкты жана экономика тармактарын колдоого багытталган мамлекеттин натыйжалуу чарасы экенин, күйүүчү-майлоочу майдын баасы элдин жашоо деңгээлине таасир этпөөсү керектиги жана социалдык-экономикалык тең салмактуулук сакталышы үчүн берилгендигин белгиледи.

Министрлер Кабинети күйүүчү-майлоочу материалдардын иш жүзүндөгү наркы менен чекене баасынын ортосундагы айырманы компенсациялоо үчүн ушул күнгө карата Кыргызстанга мунай ташыган компанияларга 956 миллион 139 миң сом бөлгөн. Мунай заттарынын түрүнө жараша айырма бир литрине болжол менен 20 сомдон 40 сомго чейин жетет. МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене баасынын ортосундагы айырманы субсидиялоо иши улантылаарын билдирди. 

Өлкөнү мунай заттары менен үзгүлтүксүз камсыздоо, абалдын мониторингин күчөтүү, өлкөдөгү мунай продуктулары менен иш жүргүзгөн компаниялар менен тыгыз иш алып баруу, импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзүү, импорттоонун жаңы механизимдерди кароо ж.б.тапшырмалар коюлду.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты