Кыргызстанда жер титирөө күчү 4 баллга жетти
- 1 месяц мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 22-мартта, саат 9:47де Тажикистандын аймагында очогунда күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибе айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Жар-Башы, Жаш-Тилек айылдарында 3 баллга (Кара-Тейит айылынан 16 чакырым түштүк чыгышта, Карамык айылынан 15 чакырым түштүктө, Баткен шаарынан 124 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү