Кыргызстан уй жана кой эти менен өзүн камсыздай алат

  • 4 недели мурун

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстан бүгүнкү күндө уй жана кой эти боюнча өзүн камсыздай алат. Ал эми тоок эти квота боюнча импорттолот — 2025-жылы 58 миң тонна, ал эми 2026-жылы 48 миң тонна тоок этинин импорттолуусу күтүлүүдө.

Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Эттин баасына (уй жана кой эти, сөөксүз эттен тышкары) мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтү н 31-декабрына чейин узартылганы маалымдалган.

Бул чечим эт рыногундагы баанын кескин өсүшүнө жана алып-сатарлык көрүнүштөргө жол бербөө, ички рыноктогу абалды турукташтыруу жана калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн эттин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында кабыл алынды.

Министрликтин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаевдин айтымында, дүйнөлүк жана ички инфляциянын жогорку деңгээлине байланыштуу бааны туруктуу кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

“Учурда уй жана кой этинин баасы 600–700 сомдун тегерегинде. Бул деңгээлди сактап калууга аракет көрүлүүдө. Калктын аялуу катмары үчүн бул өтө маанилүү” деди Чекирбаев.

Мындан тышкары, малдын экспорту токтотулуп, ички рынокто жетиштүү көлөмдө эт сунушталышын камсыздоо чаралары да көрүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты