Эттин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү 31-декабрга чейин узартылды
- 1 месяц мурун
Этке болгон баалардын мындан ары өсүшүнө жол бербөө, алып-сатарлык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана эт (уй эти жана кой эти, сөөксүз эттен тышкары) рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле калк үчүн бул социалдык маанилүү продукциянын баасынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылды.
Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Бул чараны узартуу ички рыноктун туруктуулугун сактоого жана баалардын өзгөрүлмөлүүлүгү сакталып турган шарттарда жарандардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
Экономика жана коммерция министрлигинин буйругуна ылайык, 2025-жылдын 11-августунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында уй этине жана кой этине (сөөксүз эттен тышкары) 90 календардык күнгө чектелген баалар белгиленет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




