Кыргызстан Түркияга 100 боз үй, 100 куткаруучу жөнөтөт

  • 1 год мурун

Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Түркияга эки учак гуманитардык жардам жөнөтүү камылгасын көрүүдө.

Кыргыз тарап биринчи учак менен 100 боз үй, 20дай жылууланган аскер чатырын жана мобилдүү ооруканага ылайыкталган 1 чатыр жөнөтөт.
Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн керектүү куткаруу механизмдери жана 2 үйрөтүлгөн ит менен 100 куткаруучудан турган атайын топ экинчи учак менен барат.

Ошондой эле бул учак менен тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар гуманитардык жардам катары жеткирилет.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

6-февралда кыргызстандык куткаруучулар катуу жер титирөө катталган Түркияга кыргызстандык 63 куткаруучу жардамга жөнөтүлгөн.

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты