Кыргызстан — Сейшел аралдары: Кыска сапар визасын жокко чыгаруу макулдашуусуна кол коюлду

  • 1 неделя мурун

Бүгүн, 4-майда, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сейшел аралдарынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Сейшел аралдарынын ортрсунда  жарандарга кыска сапарларга визалык талаптарды жокко чыгаруу макулдашуусуна кол коюлду.  

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий диалогду өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, ошондой эле айыл чарба, туризм, билим берүү жана санариптик башкаруу тармактарын камтыган соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташууну чыңдоо маселелерин, мындан тышкары туруктуу өнүгүү жана климат маселелерди талкуулады.

Бул сапар Сейшел Аралдарынын тышкы саясий ведомствосунун башчысынын Кыргыз Республикасына алгачкы сапары экени белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жана Сейшел Аралдары Республикасынын жарандары үчүн кыска мөөнөттүү сапарларга визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Сапардын алкагында жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жолугушууларды өткөрүү да пландалууда.

Кыргызстан - Сейшел аралдары: Кыска сапар визасын жокко чыгаруу макулдашуусуна кол коюлду

3–6-май күндөрү Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Сейшел Аралдары Республикасынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келгеню ttps://pk.kg/news/inner/kyrgyzstanga-sejshel-araldarynyn-tyshky-ishter-ministri-barri-for-kelet/келген.

Сүрөт: mfa.gov.kg

Иллюстрациялык баш сүрөт: Сейшел аралдары. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты