Кыргызстанга Сейшел аралдарынын тышкы иштер министри Барри Фор келет
- 2 недели мурун
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Сейшел Аралдарынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор 2026-жылдын 3-6-май күндөрү Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет.
Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылууда. Анда Кыргыз Республикасы менен Сейшел Аралдары Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланат.
Сүрөттө: Барри Фор. mfa.gov.kg
Муну бөлүшүү




