Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Сузакта туунун өрттөлүшү боюнча кайрылуу жасады

  • 2 месяца мурун

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Сузакта туунун түшүрүлүшү, өрттөлүшү жана арба жазуулары бар матага алмаштырылышы боюнча кайрылуу жасады.

Кайрылууда мындай деп айтылат:   

“Диний баалууктарды, улуттук дөөлөттөрдү, эркиндиктин символу болгон кызыл желегибизди аздектөө менен бирге элибиздин бүтүндүгүнө, мекенибиздин тынчтыгына, мамлекетибиздин күч-кубаттуу болуусуна баарыбыз биргеликте салым кошолу. Биз эгемен кыргыз эл экендигибизди эч качан унутпайлы. Анткени Кыргызстандын өз алдынча, эгемендүү мамлекет экенин далилдеген негизги белгилери бар. Аларга мамлекеттик туу, герб жана гимн кирет. Дал ушул баалуулуктарыбызды кастарлап жашайлы” деп айтылат Кайрылууда.  

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда белгисиз адамдар Б. Шамшиев атындагы жана С. Атабеков атындагы мектептердеги мамлекеттик тууну түшүрүп жана өрттөгөн. Туунун орду араб жазуулары бар мата менен алмаштырылган. Окуя 30-майда саат 3:20 дан 4:00гө чейин болгон. Саат 4:15те Бек-Абад айылынын тургуну райондук милицияга кабар берген. Ушундай эле көрүнүш Атабеков айыл өкмөтүнүн имаратында да болгон.  Бул окуя Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө электрондук каттоого алынган.

31-майда Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун 6 активдүү жактоочусу кармалды. Маалыматка ылайык, кармалгандар Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан. Алардын тууга тиешеси барбы же жокпу, маалыматта айтылган эмес.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты