УКМК: “Хизб ут Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун 6 мүчөсү кармалды

  • 2 месяца мурун

31-майда Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун 6 активдүү жактоочусу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалгандар Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан.


Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында экстремисттик мүнөздөгү көп сандагы адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор жана электрондук алып жүрүүчү каражаттар табылды.


Бул адамдар «ХТИ» ДЭУнун катарына жаңы жактоочуларды тартуу максатында жергиликтүү калк арасында экстремисттик идеологияны үгүттөө иштерин системалуу түрдө жүргүзүп келишкен.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты