Кыргызстан-Монголия: Бир катар документтерге кол коюлду  

  • 10 месяцев мурун

Улан-Батор шаарында 9-июлда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча президент Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух достук жана кызматташтык орнотуу жөнүндө Кыргызстан менен Монголиянын Биргелешкен декларацияга кол коюшту. Мындан тышкары мамлекеттик сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду:

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кол коюлган документтер булар:

— Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Монголия өкмөтүнүн ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө макулдашуу;

— Министрлер кабинети менен Монголиянын өкмөтүнүн ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги менен Монголиянын юстиция жана ички иштер министрлигинин ортосундагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлиги менен Монголиянын айлана-чөйрө жана туризм министрлигинин ортосундагы токой экосистемаларын өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

— Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу ветеринария кызматы менен Монголиянын өкмөтүнүн аткаруучу агенттигинин ветеринария башкы башкармалыгынын ортосундагы ветеринария тармагында өз ара кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— КРайыл чарба министрлиги менен Монголиянын адистештирилген инспекциясынын башкы башкармалыгынын ортосунда ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чаралар жаатында өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандум;

— Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматы менен Монголиянын башкы салык башкармалыгынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын санариптик өнүгүү министрлигинин алдындагы архив кызматы менен Монголиянын юстиция жана ички иштер министрлигинин башкы архив башкармалыгынын ортосунда кызматташуу боюнча иш-чаралардын планы;

— Бишкек шаары менен Улан-Батор шаарынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө макулдашуу.

— Кыргыз Республикасынын Чүй облусу менен Монголиянын Хэнтий аймагынын ортосунда кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи менен Монголиянын Чыңгызхан музейинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум.

Президент Садыр Жапаров 9-июлд, Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Улан-Батор шаарында өлкөнүн Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен чакан жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Ошондой эле Садыр Жапаров 9-июлда Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Улан-Батор шаарында өлкөнүн Премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюн-Эрдэнэ менен, Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын Төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен жолугушту.

Буга чейин Садыр Жапаровдун 9-11-июлда Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен мамлекеттик сапарда жүрөт. Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик

сапарынын иш-чаралары Монголиянын эки шаарында – Улан-Батор жана Эрдэнэтте өтөт.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты