Кыргызстандын президенти Монголиянын президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү   

  • 10 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда, Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Улан-Батор шаарында өлкөнүн Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен чакан жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Өлкө лидерлери кыргыз-монгол эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, келечекке биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын белгилешти.

Ухнаагийн Хурэлсух бул тарыхый мамлекеттик сапар Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө дем берерин белгиледи. Ал Кыргызстандын Президенти Монголияга акыркы жолу 21 жыл мурун барганын эске салды.

Ухнаагийн Хурэлсух соода-экономикалык тармакта, айыл чарба, туризм, маданий-гуманитардык маселелерде кызматташуунун негизги багыттарын белгиледи.

Ал ошондой эле Монголия Кыргызстандан экологиялык жактан таза жашылча-жемиштерди ташууга кызыкдар экенин, ошондой эле бул азыктарды өстүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү маселесин иликтөөгө даяр экенин белгиледи.

«Биз өлкөбүздүн аймагында Кыргызстандын Элчилигинин ачылышына кубанычтабыз жана анын мындан аркы ишине ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Мындан тышкары, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Кыргыз-монгол Өкмөттөр аралык комиссиясынын иш механизмин активдештирүү маанилүү деп эсептейбиз»деп баса белгиледи Ухнаагийн Хурэлсух.

Президент Садыр Жапаров Монголияга болгон сапардын саясий маанисин белгилеп, анын башкы максаты – эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты андан ары илгерилетүү экенин айтты.

Учурдан пайдаланып, Садыр Жапаров учурда өлкөдө белгиленип жаткан улуттук Наадам майрамы менен Монголиянын Президентин жана монгол элин куттуктады.

Өз ара сооданы өнүктүрүүдөгү башкы тоскоолдук — транспорттук-логистикалык мүнөздөгү көйгөйлөр болуп саналат.

«Кыргызстан Азия автомобиль жолдорунун тармагы боюнча эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө үч тараптуу макулдашууга кошулууга ниеттенүүдө. Кыргызстан өз продукциясын экспорттоого гана эмес, монгол продукциясын импорттоого да кызыкдар» деп Садыр Жапаров белгиледи.

Ал ошондой эле монгол тараптын көңүлүн Кыргызстанда айыл чарба, тоо-кен өнөр жайы, туризм, энергетика жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө ишке ашыруу үчүн бир катар кызыктуу долбоорлор бар экенине бурду.

Садыр Жапаров ошондой эле соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-монгол Өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан башка Садыр Жапаров Монголиянын Баян-Улгий аймагында этникалык кыргыздар жашаарын белгиледи. Бул аймакта тарыхый изилдөөлөрдү жүргүзүү — эки өлкөнүн элдерин тарыхый жана маданий жактан да жакындата алат. Кыргыз тарап кызматташтыкты активдештирүү максатында Достук жана маданият күндөрүн өткөрүүнү жандандыруу сунушун киргизүүдө.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты