Кыргызстан менен Япониянын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-декабрда, Японияга болгон расмий сапарынын алкагында «Борбордук Азия + Япония» Диалогунун бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча эки тараптуу документтерди жарыялоо аземине катышты.

Ага Борбор Азия өлкөлөрү менен Япониядан келген 300гө жакын бизнес өкүлдөрү катышты.

Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кол коюлган документтер:

— Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү уюму (ДЖЕТРО) менен бирге Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун потенциалын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы;

— КР Энергетика министрлиги менен «MurooSystems Corporation» компаниясынын ортосундагы 2024-жылдын 30-августундагы инвестициялык макулдашууга ылайык Чоң-Кемин дарыясына кичи ГЭС куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө жол картасы;

— КР Саламаттык сактоо министрлиги менен улуттук ооруканалардын ортосунда Япониянын «Китахара» үлгүсүндөгү шашылыш жана интенсивдүү жардам көрсөтүүчү алдыңкы борборлорду пландаштыруу жана түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз-Япон ишкердик кеңеши менен Япония-Кыргызстан экономикалык алмашуу ассоциациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— КР Агартуу министрлиги менен Sprix корпорациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— КР Агартуу министрлиги менен «Fujifilm SystemServiceCo, Ltd» жана «Digital Knowledge Inc» компанияларынын ортосундагы меморандум;

— КР Агартуу министрлиги менен «GAKKEN HOLDINGS Co, Ltd» компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун (KRJC) ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандум;

— КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти менен Япониянын туристтик агенттиктер ассоциациясынын (JATA) ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

— «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсы менен «MurooSystems Corporation» компаниясынын ортосундагы электр энергиясын сатып алуу келишими;

— Кыргыз улуттук университетинин Агробизнес борбору менен Agritree Co., Ltd компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Японияда чыгарылган техникалык тейлөө шаймандарын Кыргызстанга жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча Eight Tool Co., Ltd компаниясы менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— «Плюс» КФ менен Japan Tobacco Inc компаниясынын ортосундагы «Тең мүмкүнчүлүктөр» социалдык борборунун кызматташтыгы жөнүндө меморандум;

— Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору (KRJC) менен «Кыргыз-Япон мектеп-комплекси» КБ ЖЧК ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө меморандум (MoU);

— Кыргыз-Япон санариптик университетин (K – JDU) түзүү жана башкаруу боюнча үч тараптуу кызматташтык жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен Маизуру шаарынын ортосундагы жаштардын спорттук алмашуусу боюнча ниеттер жөнүндө документ;

— Балыкчы шаарынын мэриясы (Кыргыз Республикасы) менен Маизуру шаарынын мэриясынын (Япония) ортосундагы кызматташуу жөнүндө ниет кат;

— Consulting Division of Hirayama Corporation менен «Моушн Групп» ААКсынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

18-декабрда Япониянын премьер-министри Санаэ Такаитинин чакыруусу менен “Борбор Азия + Япония” диалогунун биринчи саммитине катышуу үчүн Японияга барып, 20-декабрда кайтты.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты