Президент Токиодогу «Борбордук Азия – Япония» Диалогунун биринчи саммитине катышты
- 6 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында өткөн «Борбордук Азия – Япония» Диалогунун биринчи саммитине катышты.
Мамлекет башчысын Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаити тосуп алды. Саммиттин жүрүшүндө Садыр Жапаров Борбордук Азия өлкөлөрү менен Япониянын кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгышы маанилүү экенин белгиледи.
Президент Кыргызстан экологиялык туруктуулук, коммуникациялар жана адам ресурстарын өнүктүрүү багыттарында кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтты. Ал климаттын өзгөрүшү, «жашыл» экономика, кайра жаралуучу энергетика, анын ичинде «Камбар-Ата – 1» ГЭСи стратегиялык долбоор экенин белгиледи.
Ошондой эле Япония менен пондордун “жашыл”технологияларын трансферлөөгө жана экологиялык долбоорлорду каржылоонун жаңы механизмдерине кызыкдар экенин билдирди. Президент жапон инвесторлорун «Асман» экологиялык таза шаар долбооруна катышууга чакырды.




