Кыргызстан коңшу өлкөлөргө күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо өтүнүчү менен кайрылды
- 2 месяца мурун
Министрлер кабинети жана Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана ички рынокту туруктуу күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо максатында ыкчам чараларды көрүп келет. Учурда республикада күйүүчү-майлоочу материалдардын жетиштүү запастары түзүлгөн.
Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, камсыздоонун туруктуулугун сактоо максатында Россия, Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстандагы компетенттүү мамлекеттик органдарга, ошондой эле башка өнөктөш мамлекеттердин тиешелүү органдарына расмий кайрылуулар жөнөтүлдү.
Ички өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө да өзгөчө көңүл бурулууда. Бул алкакта тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү «Джунда» мунай иштетүүчү заводуна жана «Кыргызнефтегаз» ишканасына иш сапар менен барып, алардын өндүрүштүк ишмердүүлүгү, технологиялык процесстери жана продукциянын сапаты менен таанышты.
Иш сапарлардын жүрүшүндө президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Төрөбаев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков, ошондой эле энергетика министри Алтынбек Рысбеков да аталган ишканаларга барып, жеринде өндүрүш процесси менен таанышты.
Мындан тышкары, ички рыноктогу баа кырдаалы тынымсыз көзөмөлдөнүүдө.
Белгиленгендей, Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдардын негизги бөлүгүн импорттойт. Ушуга байланыштуу дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу өзгөрүүлөр, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы геосаясий чыңалуу, эл аралык логистикадагы тобокелдиктер жана мунайга болгон дүйнөлүк баалардын өсүшү өлкөнүн ички рыногуна да таасирин тийгизүүдө.
Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майларды негизги экспорттоочу болгон Россияда азыркы тапта бул товардын кризиси орун алууда. Май айында Россиянын нефть өнөр жайларына Украинанын учкучсуз учактарынан чабуулунун кийин күйүүчү май таңсыктыгы күчөгөн.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




