Күйүүчү-майлоочу майлардын жетишсиздигине жол бербөө маселеси каралды

  • 3 месяца мурун

Өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу майды жеткирүү абалына күн сайын мониторинг жүргүзүп, алардын жетишсиздигине жол бербөө маселеси каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 29-июнда өлкөнү күйүүчү-майлоочу май (КММ) менен камсыздоо маселеси боюнча кезектеги жыйын өткөрдү. 

Мунай заттарынын учурдагы запастары жана рыноктогу абал боюнча профилдик мекемелер жаңыртылган маалыматтарды сунушташты. Өлкөгө жеткирүүнүн туруктуулугуна глобалдык геосаясий факторлор таасирин тийгизип, логистикалык чынжырларга жана баа түзүүгө кысым көрсөтүп жатканы белгиленди.

Адылбек Касымалиев КММны импорттоонун альтернативдүү булактары боюнча толук баяндамаларды укту.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоонун жана ички рынокто күйүүчү майдын жетишсиздигине жол бербөөнүн стратегиялык маанилүүлүгүнө токтолду.

Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майларды экспорттоочу Россияда азыркы тапта бул товардын кризиси орун алууда. Май айында Россиянын нефть өнөр жайларына Украинанын учкучсуз учактарынан чабуулунун кийин күйүүчү май таңсыктыгы күчөгөн.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты