Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинде өз сунуштарын берет. Президенттин маеги
- 2 месяца мурун
Кыргызстан Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) коопсуздук кеңешине мүчө болду. Андагы ишмердүүлүгүндө кайсы артыкчылыктарды жана демилгелерди алдыга жылдырууну көздөйт? Өлкөбүз дүйнөлүк коомчулукка кандай күн тартибин сунуштайт? Бул суроолорго президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде жооп берди.
— Мен ушул жылдын февраль айында эле өтөрүбүзгө көзүм жетип, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен тышкы иштер бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип экөөнө катуу тапшырма бергем. «Биз июнь айында БУУнун Коопсуздук кеңешине өтөбүз. Ошондуктан сентябрь айында БУУга барганда БУУнун Уставын, комитеттердин жоболорун түп-тамырынан өзгөртөлү, заман талабына ылайык келтирели, БУУнун кадыр-баркын жогорку деңгээлге чыгаралы деген сунуш киргизебиз. Ошондуктан азыртан баштап өзгөртүү, толуктоолорду карап чыккыла» деп тапшырма бергем.
Андан бери дипломаттык корпус ошол тапшырманын үстүндө иштеп жатышат. Кудай буюрса, сентябрь айында БУУга барганда абдан катуу, татаал сунуштарды беребиз. БУУнун авторитетин жогорку деңгээлге чыгарышыбыз керек. БУУнун чечимдери дегенде, мейли кайсы мамлекет болбосун, так аткаргандай болушу керек. Болбосо БУУда алты комитет болсо, бешөөнүн чечимдерин эч ким деле тоготпой калды. Көбүнчө Коопсуздук кеңешинин чечимдери гана аткарылып келе жатат. Ошондуктан биз БУУнун Уставына кошумчаларды киргизүү боюнча сунуш беребиз. БУУнун кандай гана чечимдери болбосун, 100 пайыз аткарылууга тийиш. Ар бир мамлекет өзүм билемдик менен башаламандык кыла беришти токтотуш керек.
Кайсы бир мамлекетке санкция киргизе турган болсо БУУда каралып, БУУнун чечими менен санкция киргизиш керек. Өзүм билемдик менен эле каалаган мамлекет башка бир мамлекетке санкция киргизе берген башаламан жашоо токтошу зарыл. Мына ушундай жана башка дагы толтура өзгөртүүлөр боюнча сунуштар болот,-деди Садыр Жапаров маегинде.
Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Добуш берүү 3-июнда Башкы ассамблеяда өтүп, Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагына бөлүнгөн орун үчүн атаандаш болгон Филиппинди артта калтырды. Добуш берүүнүн төртүнчү айлампасында Кыргызстан 142 добуш менен алдыга чыкты. Кыргызстан Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тартып баштайт.
Кыргызстан Коопсуздук кеңешине тарыхында биринчи жолу шайланып жатат.
Сүрөт: president.kg




