Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болду

  • 2 недели мурун

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун  (БУУ) Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды.

Добуш берүү 3-июнда Башкы ассамблеяда өтүп, Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагына бөлүнгөн орун үчүн атаандаш болгон Филиппинди артта калтырды.

Добуш берүүнүн төртүнчү айлампасында Кыргызстан 142 добуш менен алдыга чыкты. Кыргызстан Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тартып баштайт.


Кыргызстан Коопсуздук кеңешине тарыхында биринчи жолу шайланып жатат. Президент Садыр Жапаров:

«Биз БУУнун жаңы тарыхын жазууга катышабыз. Мекендештерим, куттуктайм!» деп жазды Фейсбук баракчасына.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты