Кыргыз-тажик чек арасында кыргыз жоокери жарадар болду  

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасында 12-апрелде экинчи ирет ок атышуу болду . Анда кыргыз чек ара жоокери жарадар болду.

Бул тууралуу УКМК Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 12-апрелде саат 21:17ге жакын Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арачыларынын сүйлөшүүсү учурунда, окуя болгон жерге келген тажик аскерлери Кыргызстандын Чек ара кызматынын аскерлери тарапка ок аткан.  Кайрадан атышуу 30 мүнөткө согулган.

Кайрадан атышууда кыргыз чек арачы жоокер жарадар болгон. Андан кийин тажик аскерлери Достук айылын миномет менен аткылаган.

12-апрелде буга чейин да кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты