Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

  • 2 года мурун

Баткен облусунун Лейлек районунда 12-апрелде саат 19:20 чамасында rыргыз-тажик чек арасында ок атылды.

Бул тууралуу Кыргызстандын чек ара кызматы билдирди.

Маалыматта Кыргызстандын чек арачылары Лейлек районунун Селкана жергесинде кызмат өтөп жаткандыгы, тажик чек арачылары чек арадан Кыргызстандын ичине 20 метрге чейин кирип келишкендиги айтылат.  

Кыргызстандын аскерлери эскертүү катары абага ок чыгарган, тажик аскерлери кыргыз аскерлерине ок аткан. Сүйлөшүүлөрдн кийин атышуу токтогон.

Кыргызстандын аскерлеринин арасында жабыркагандар жок. Тажикстандын бир аскери жарадар болгон.

Кыргыз-тажик чек арасында учурда абал туруктуу катары сыпатталууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты