Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы билдирди.    

Бул окуя  11-мартка караган түнү болжол менен  02:50 дө өттү. Ал 20 мүнөт созулуп, саат 03:10дө аяктады.

“Баткен-Исфана жолу тарапта Баткекн районунун Эки-Таш жергесине караштуу участкада тажик чек арачылары өткөн машиналарга таш ыргыта баштаган. Кыргыз чек арачылары аларга бул иш-аракетти токтотууну суранган. Кыргыз тарап абага ок атууга мажбур болгон. Бул учурда күзөттөгү тажик чек арачылары кароол бийиктигин аткылаган, ал жакта кыргыз чек арачылары күзөттө турган.

Чек ара кызматы кыргыз тараптан жарадар болгондор жана жабыркагандар жок экенин билдирди.  

Кыргызстан жана Тажикстан чек арачылары бул окуядан кийин телефон менен сүйлөшүп, андан кийин ошол жерде  кезигишкен.  

Кыргыз-тажик чек арасында чек арачылар  күчөтүлгөн тартипе иш алып барууда.

10-мартта кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, болжол менен саат 10:50дө Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Тескей деп аталган жергесиндеги чек аранын тактала элек тилкесинде кызматын өтөп жатып, буга чейинки багытын өзгөртүшкөн жана кыргызстандык чек арачылардан ал жерден кетүүнү талап кылышкан.

10-мартта кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя боюнча эки тараптын чек арачылары сүйлөшүп, окуяны өз-өзүнчө иликтемей болушкан жана  аАлдын ала жыйынтык эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын башчыларынын 12-мартка пландалган жолугушуусунда айтылат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты