Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 10-мартта, кыргыз-тажик чек арасында ок атылды.

Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы билдирди.  

Бүгүн, 10-мартта, саат 10:50дө Баткен районунун Тескей жергесинде Тажикстан чек ара аскерлери мурдагы багытты өзгөртүп,  чек араны кайтаруунун жаңы чегине чыгышкан жана Кыргызстандын чек арачыларын ал жерден кетүүнү талап кылышкан.  

Тажик чек арачыларына кошумча күчтөр келген. Кошумча күчтөр менен тажик чек арачылары жаңы чекке чыгууну көздөшкөн. Бирок кыргыз чек арачылар Тажикстандын аскерлеринин максатын ишке ашырууга жол берген эмес. Натыйжада ок атышуу болгон, ал 10 мүнөттөй созулган.  

Эки тараптын өкүлдөрү телефон менен сүйлөшүп, андан кийин чек ара аскерлерин эки өлкөнүн чек арачыларынын өкүлдөрү келгенге чейин жылдыра туруу чечими кабыл алынган.

Эки тараптын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатышат. Тескей тараптын чек арасы тактала элек. Ал кыргызстандыктар пайдаланып келишет.

Баткен чек ара күчөтүлгөн шартта иштөөгө өттү.      

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты