Кыргыз-кытай кызматташтыгы: Бир катар документтерге кол коюлду

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында, бүгүн, 31-августта, транспорт-логистика, инвестиция, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу жана алмашуу аземи болуп өттү.

Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жогорку сапатта өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларациясына кол коюшту.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерди алмашуу аземи болуп өттү:

— Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Кытай өкмөтүнүн ортосунда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” өткөр мө пункту аркылуу чек ара аймагынан өтүүчү Үзөңгү-Кууш (Чоң-Узун-Гуш) суусу аркылуу чек аралык автоунаа көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашуу;

— Министрлер кабинети менен Кытай өкмөтүнүн ортосунда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын режими жөнүндө макулдашуу;

— Министрлер кабинети менен Кытай өкмөтүнүн ортосунда “Кытай – Борбордук Азия – Европа” багытындагы темир жол экспресс ташуулары боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытайдын Соода министрлигинин ортосунда электрондук соода жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

— “Бедел” өткөрмө пунктун куруу жана аны техникалык жактан жабдуу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө каттарды алмашуу;

— Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Кытайдын Илим жана технологиялар министрлигинин ортосунда илим, технологиялар, инновациялар жана технологияларды өткөрүп берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

— Мамлекеттик бажы кызматы менен Кытайдын башкы бажы башкармалыгынын ортосунда кыргыз-кытай өткөрмө пункттарын башкаруу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

— Ысык-Көл облусу менен Кытайдын Синцзан автономиялуу районунун ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу жөнүндө макулдашуу;

— Ош облусу менен Кытайдын Сычуань провинциясынын ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу жөнүндө макулдашуу;

— Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Кытайдын Медиа корпорациясынын (China Media Group) ортосунда медиаконтент жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө меморандум.

— “Кыргыз Республикасына медициналык жабдууларды жеткирүү” долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо жөнүндө каттарды алмашуу;

— Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытайдын Соода министрлигинин ортосунда кызмат көрсөтүүлөр жана инвестициялар боюнча макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө биргелешкен билдирүү;

— Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытайдын Өнөр жай жана маалыматташтыруу министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытайдын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (Сертификациялоо жана аккредитациялоо боюнча улуттук башкармалыгынын) ортосунда шайкештикти баалоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

— Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (Кыргызстандарт) менен Кытайдын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (Кытайдын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик администрациясы, SAMR/SAC) ортосунда стандартташтыруу жаатындагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ишке ашыруу боюнча 2026-2028-жылдарга карата иш-аракеттер планы;

— Кыргызстандан Кытайга жылкы тукумундагы жаныбарларды экспорттоодо карантиндик жана санитардык-гигиеналык талаптар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы протокол;

— Кытайга экспорттолуучу термикалык иштетүүдөн өткөн кой жана эчки этинен жасалган продукцияга коюлуучу талаптар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы протокол;

— Кытайга жаңы мөмө-жемиштерди экспорттоодо фитосанитардык талаптар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы протокол;

— Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кытайдын Айыл чарба жана айыл иштери министрлигинин ортосунда айыл чарба жаатындагы кызматташтык боюнча 2027-2030-жылдарга карата иш-аракеттер планы;

— Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Кытайдын дене тарбия жана спорт иштери боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум;

— Президентинин алдындагы Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук комиссия менен Кытайдын Улуттар иштери боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда этностук маселелер жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

— Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытайдын Маданият жана туризм министрлигинин ортосунда 2026-2029-жылдарга маданият жаатындагы кызматташтык программасы;

— Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен Кытайдын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосунда 2026-жылга адам ресурстарын өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык программасын биргелешип ишке ашыруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

— Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Кытайдын Илим жана технологиялар министрлигинин ортосунда биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун колдоо жөнүндө протокол;

— Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытайдын Радиоберүү жана телеберүү иштери боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын ортосунда радиоберүү, телеберүү жана онлайн-аудиовизуалдык каражаттар жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

— “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү” мамлекеттик мекемеси менен Кытайдын Медиа корпорациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

— Бишкек мамлекеттик университети менен Пекин чет тилдер университетинин биргелешкен институту жөнүндө макулдашуу;

— Трансчек аралык банктар аралык төлөм системасынын катышуучуларын тейлөө жөнүндө макулдашуу.

Бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын nөрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Кытай төрагасы Си Цзиньпин 30-августта Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты