Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

«Бүгүнкү күндө өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтык өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы “алтын мезгилине” кадам таштады деп ишенимдүү түрдө айта алам» деп белгиледи Садыр Жапаров.

Өз кезегинде Си Цзиньпин президент Садыр Жапаров менен кайрадан жолугушуп жатканына жана жети жылдан кийин Бишкекке кайтып келгенине кубанычта экенин билдирди.

“Мен кайрадан Кыргызстанда турам жана өлкөңүздүн жаркын жетишкендиктерине жана кыргыз коомунун динамикалуу өнүгүүсүнө жеке өзүм күбө болдум. Кытай жакын коңшу жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөш катары сиздердин ийгиликтериңиздерге чын жүрөктөн кубанат”деп баса белгиледи Кытай лидери.

Кытай төрагасы президент Садыр Жапаровду жана жалпы Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, өлкөгө мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү, ал эми жарандарга бакыт-таалай жана бакубатчылык каалады.

Си Цзиньпин кыргыз-кытай мамилеллерине жогору баа берди.  

Си Цзиньпин кыргыз-кытай мамилелерине жогорку баа берип, саясий өз ара ишенимдин жогорку деңгээлин жана практикалык кызматташтыктын күч алып жатканын айтты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулап, конкреттүү биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Айрыкча “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушунун жүрүшүнө, “Бедел” өткөрмө пунктун мындан ары өнүктүрүүгө жана “Барскоон – Бедел” унаа жолун курууга көңүл бурулду.

Кытай менен Борбор Азиянын ортосунда жаңы транспорттук-логистикалык коридорду түзөрү белгиленди.

Тараптар ошондой эле коопсуздук чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү, энергетиканы өнүктүрүү, ошондой эле заманбап технологияларды колдонуу менен пайдалуу кендерди казып алуу жана кайра иштетүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин да карашты.

Агроөнөр жай комплексиндеги кызматташтыкты тереңдетүүгө, кайра иштетүүчү ишканаларды түзүүгө жана экологиялык жактан таза кыргызстандык айыл чарба продукцияларын Кытай рыногуна жеткирүүнү кеңейтүүгө өзгөчө басым жасалды.

Кызматташтыктын келечектүү багыттары катары жасалма интеллект, санариптик кызматтар, электрондук соода, маалыматтарды иштетүү борборлорун куруу жана Кыргызстандын экономикасынын ар түрдүү тармактарына алдыңкы технологиялык чечимдерди киргизүү белгиленди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты