Кыргыз делегациясы Монголияда “Эрдэнэт” заводунун тажрыйбасы менен таанышты

  • 10 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда, Монголияга мамлекеттик сапарында Эрдэнэт шаарындагы “Эрдэнэт” заводуна барды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысына “Эрдэнэт” заводу Азиядагы жез-молибден кенин казып алуу жана байытуу боюнча эң ири ишкана деп эсептелээри, жылына 40 млн тоннага жакын руданы кайра иштетип, 580 миң тоннанын тегерегинде жез концентратын жана 6 миң тонна молибден концентратын өндүрүп жаткандыгы жөнүндө маалымат берилди.

Ишкана 1973-жылдан бери иштеп келет, Совет жана Монгол өкмөттөрү «Эрдэнэт» жез-молибден кенин иштетүү боюнча биргелешкен ишкана түзүп, ал бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдөгү эң ири жез кендеринин бири бойдон калууда. Кийин 2019-жылы Монголия өкмөтү чыгарган токтомго ылайык «Эрдэнэт Индастри» толугу менен мамлекеттик менчикке өткөн.

Бүгүнкү күндө ишкана эл аралык жез рыногунда маанилүү позицияны ээлейт, өлкөнүн мамлекеттик бюджетин түзүү менен экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт.

Президент Садыр Жапаров карьерди жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө экспорттолуп жаткан жез-молибден концентратын чыгарган ишкананын фабрикасын көрүп чыкты.

Заводго барганда кыргыз делегациясы заводдун техникалык-технологиялык кайра өзгөрүүлөрүн, тактап айтканда, Монголиянын «Эрдэнэт» кенинин рудасынан жезди алып чыгаруу боюнча алдыңкы технологияларды колдонуудагы тажрыйбасы менен таанышты.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстанда алтын-жез концентраттарынан жезди алып чыгаруу боюнча фабрикалар жана технологиялар жок экендигин эске алуу менен, кыргыз тарапка бул тажрыйба кызыктуу.

Бүгүнкү күндө кыргыз тарап бул рудаларды чет өлкөдөн кайра иштетүүгө аргасыз болууда. Алтын-жез рудаларын кайра иштетүү боюнча заманбап фабрика курулса, Кыргызстандын аймагында жезди жана башка пайдалуу компоненттерди кайра иштетүү жана алып чыгаруу мүмкүнчүлүгү пайда болот, бул болсо бюджеттин киреше бөлүгүнө олуттуу таасирин тийгизет.

Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикасында Монголиянын экономикасындай эле тоо-кен тармагы да өзгөчө орунду ээлей турганын белгиледи.

Кыргызстан бул тармакта чоң потенциалга ээ, буга байланыштуу Монголиянын бул чөйрөдөгү бай тажрыйбасын изилдөөгө кызыкдар.

Садыр Жапаров 9-11-июлда Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен мамлекеттик сапарда жүрөт. Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Монголиянын эки шаарында – Улан-Батор жана Эрдэнэтте өтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты