Министр Ош облусундагы сел коркунучу бар айылдарды кыдырды
- 2 месяца мурун
Өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) Канатбек Чыныбаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында сел коркунучу бар аймактарды жеринен көрүп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Ноокат районунун Насирдин Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожеке айылындагы кооптуу тилкелер каралды. Аталган аймакта жаз-жай мезгилинде жаан-чачын нөшөрлөп жааган учурда сел жүрүү коркунучу жогору болуп, Борбаш айылындагы 250 турак жайга жана 12,0 гектар үлүш жер аянттарына коркунуч жаралып келүүдө.
Тескей-Кожеке айылында сел суулары топтолуп түшүүчү жерге атайын долбоордун негизинде коргоочу дамба куруу зарылдыгы белгиленди.
Министр сел коркунучу бар башка айылдарды да кыдырып чыгып, тиешелүү адистерге долбоордук-сметалык документтерди тез арада даярдоо тапшырмасын берди.
Ошондой эле, долбоор даяр болгон шартта бул маселени ушул жыл ичинде чечүү боюнча аракеттер көрүлөрүн, тургундарга тиешелүү колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.
Сүрөт: ӨКМ




