Темирди кайра иштетүүчү заводдо жарылуу болду деген маалымат териштирилүүдө
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 28-апрелде, Instagram социалдык тармагында Шопоков шаарындагы темирди кайра иштетүүчү заводдо металл эритүүчү индукциялык меш жарылгандыгы тууралуу маалымат жарыяланган.
Шопоков шаарынын мэриясына да цех имаратында катуу жарылуу болуп, өрт чыккандыгы кабарланган. Бирок окуя болгон жерге кызматкерлер барганда, өрттү тастыкташкан эмес.
Аталган маалымат Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынганын жана териштирүү жүрүп жаткандыгын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы (ОИИББ) билдирди.
Буга чейин Сокулук райондук сотунун темирди кайра иштетүүчү заводдун металл эритүүчү индукциялык мештердин ишин токтотуу чечими жокко чыгарылып, аталган завод ишин кайра жандандырганы аныкталды.
Учурда жарылуу болду деген маалымат боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин негизинде тиешелүү чечим кабыл алынат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




