Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин жаңы долбоору. “Э” тамгасын алып салууну сунуштап жатышат
- 2 недели мурун
25-июнда өткөн Кыргыз тилинин жазуу эрежелерине байланыштуу конференцияда кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин жаңы долбоору талкууга алынды.
Конференцияда аталган долбоор илимпоздор, кыргыз тилинин адистери, мамлекеттик кызматкерлер, жогорку окуу жайлардын мугалимдеринин талкуусуна коюлду.
Анда кыргыз тилинде колдонулуп келе жаткан 36 тамганын ордуна 28 тамганы калтырып, чет тилдеринен келген Ц, Щ, Ь ичкертүү белгиси, Ъ ажыратүу белгиси, Э,Ё, Ю, Я тамгаларын алып салууну сунуштоодо. Булар чет тилдерден келген сөздөрдө гана колдонулары айтылды.
Улуттук Илимдер академиясынын академиги Сыртбай Мусаев кыргыз тилинин орфографиясын 86 жылдан бери оңдой албай келатабыз деп билдирди.
“Орфография мыкты болуш үчүн алфавит мыкты болуш керек” деди Сыртбай Мусаев.
“Э” тамгасын эле алалы, 6-7 эреже бар.Ошондуктан биринчи маселе жазуу системасында алфавитти оңдош керек. Жакшы алфавитке жараша жакшы орфографиялык эрежени иштеп чыгыш керек” деди академик Мусаев.
“Э” тамгасынын алынып салынышына коомчулук каршы чыгууда.
Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Алтынбек Исмаилов конференцияга катышкандардын “Баары караманча каршы болуп, жер тепкилеп жатышат” деген пикирин билдирди. Ал карапайым дыйкандан тартып, президентке чейин пикирин билдирсе, орток пикирге келип, жыйынтык чыгарса деген оюн айтты.
“Эне” деп жазсак, эми “ене” деп жазуу сунушталууда.
Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев бул алгачкы талкуу экени, конференцияда айтылган сунуш-пикирлер жана коомчулуктун пикирлери эске алынарын билдирди.
Кыргыз тил комиссиясынын билдирүүсү боюнча, 25-июнда Бишкек шаарында Улуттук илимдер академиясында мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин катышуусунда президенткне караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен Улуттук илимдер академиясынын академик Юнусалиев атындагы Тил илими институту тарабынан уюштурулган «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери: учурдагы абалы жана өркүндөтүү маселелери» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференцияга мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин, жогорку окуу жайларынын, жалпы жана кесиптик билим берүү уюмдарынын, басма жана редакция тармагынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, тилчи-окумуштуулар, эксперттер жана коомчулук өкүлдөрү катышты.
Конференцияда алгачкылардан болуп мамлекеттик катчы Арслан Койчиев сөз сүйлөп, мамлекеттик тилдин өнүгүшү улуттук биримдикти бекемдөөнүн, билим берүү сапатын жогорулатуунун жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун камсыздоонун маанилүү фактору экенин белгиледи.
Ал кыргыз тилинин жазуу маданиятын өркүндөтүү боюнча бардык демилгелер кеңири коомдук талкууга жана илимий негизге таянышы керектигин баса белгиледи.
Жазуу эрежелерин толуктап иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун атынан Улуттук Илимдер академиясынын академиги Сыртбай Мусаев чыгып, кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин толукталган жана такталган жаңы редакциясынын долбоорун тааныштырды. Баяндамада орфографиялык маселелердин учурдагы абалы, сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн илимий негиздери жана алардын практикалык мааниси кеңири түшүндүрүлдү.
Андан соң Министрлер кабинетине караштуу Котормо борборунун директору Тамара Абылкасымова жаңы редакциядагы орфографиялык эрежелердин долбоорунун презентациясын жасап, колдонуудагы жана сунушталган эрежелердин салыштырма талдоо жүргүздү.
Жыйындын жүрүшүндө кыргыз тилинин орфографиясын өркүндөтүүгө байланышкан бир катар маанилүү маселелер талкууланып, кыргыз тилинин жазуу эрежелерин өркүндөтүү мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө, калктын сабаттуулугун жогорулатууга, жазуу маданиятын өркүндөтүүгө жана кыргыз тилинин табигый өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн сактоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Жыйынтыгында конференциянын катышуучулары кыргыз тилинин жазуу эрежелерин өркүндөтүү боюнча сунушталган өзгөртүүлөрдү өлкөнүн бардык аймактарында кеңири коомдук талкуудан өткөрүү зарылдыгын белгилешти.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




