“Кылым Банк” президенттин иш башкармалыгынын карамагына өтөт
- 2 месяца мурун
- Жаңылыктар
“Кылым Банк” мамлекеттик банкы финансы министрлигинин карамагынан чыгарылып, президенттин иш башкармалыгына өткөрүлөт.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол 19-августта кол койду.
Жарлык расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Буга чейин 2025-жылдын 14-октябрында Кыргызстанда “Кылым банк” банкы түзүлгөндүгүн Улуттук банк башкармалыгы билдирген.
“Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2025-жылдын 10-сентябрындагы чечими менен «Кылым Банк» ачык акционердик коомун уюштурууга уруксат берилгендигин билдирет” деп айтылат маалыматта.
2025-жылдын январь айында Министрлер кабинети 100% мамлекеттин катышуусу менен уставдык капиталы 1 000 000 000,0 (бир миллиард) сом болгон ”Кылым Банк” ачык акционердик коомун (“Кылым Банк” ААК) түзүү жөнүндө токтом кабыл алган.
Банк борбордук контрагент, улуттук депозитарий жана номерлөөчү агент болуп дайындалган жана банк операцияларын, эсептешүүлөрдү жана клирингди, баалуу кагаздарды сактоону жана эсепке алууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу экендиги айтылган.
2027-жылы «Кылым Банктын» уставдык капиталы 5 миллиард сомго жетери айтылган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




