Кара-Суу базары президенттин иш башкармалыгына өттү
- 3 дня мурун
- Жаңылыктар
Ош облусундагы “Кара-Суу базары“ деген ат менен таанылган “Туратали базары” президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыял” ишканасынын карамагына өттү.
Бул тууралуу Кара-Суу базары социалдык тармактарда маалымдады.
Базарда иштегендер менен мурда түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылып, жаңы келишим түзүлөрү айтылды.
2023-жылы мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу базары мамлекеттин менчигине өтө турганын билдирген.
Буга чейин президент Ош облусунун тургундары менен жолугушууда Кара-Суу базарында заманбап соода комплекси жана логистикалык борбор куруларын айткан.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




