«Кылым Банк» мамлекеттик банкы түзүлдү

  • 2 года мурун

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 100% мамлекеттин катышуусу менен уставдык капиталы 1 000 000 000 (бир миллиард) сом болгон ”Кылым Банк” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Аталган банк, каржы министрлигине зарыл болгон процедураларды, анын ичинде лицензиялоону жана каттоону камсыз кылуу милдетин аткарат. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына “Кылым Банк” ААКны техникалык камсыздоо, байланыш кызматтарын көрсөтүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү жана туруктуу жайгаштыруу үчүн тиешелүү жай табуу тапшырылды.  

Cүрөт: Интернет булактарынан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты