Бир миллиард сом уставдык капиталы менен “Кылым Банк” мамлекеттик банкы түзүлдү
- 2 месяца мурун
Кыргызстанда “Кылым банк” банкы түзүлдү. Бул тууралуу Улуттук банк башкармалыгы билдирди.
“Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2025-жылдын 10-сентябрындагы чечими менен «Кылым Банк» ачык акционердик коомун уюштурууга уруксат берилгендигин билдирет” деп айтылат маалыматта.
2025-жылдын январь айында Министрлер кабинети 100% мамлекеттин катышуусу менен уставдык капиталы 1 000 000 000,0 (бир миллиард) сом болгон ”Кылым Банк” ачык акционердик коомун (“Кылым Банк” ААК) түзүү жөнүндө токтом кабыл алган.
Банк борбордук контрагент, улуттук депозитарий жана номерлөөчү агент болуп дайындалган жана банк операцияларын, эсептешүүлөрдү жана клирингди, баалуу кагаздарды сактоону жана эсепке алууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу.
Жылдын башында президенттин иш башкармалыгына “Кылым Банк” ААКны техникалык камсыздоо, байланыш кызматтарын көрсөтүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү жана туруктуу жайгаштыруу үчүн тиешелүү жай табуу тапшырылган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




