Куткаруучулар каналга түшүп кеткен уландын сөөгүн табышты
- 11 месяцев мурун
Ош шаарындагы Озгур айылынан агып өткөн Увам каналына түшүп кеткен 21 жаштагы уландын сөөгү 13-июлда кечке жуук табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз борбору билдирди.
Маалым болгондой, 2004-жылы туулган А.у.Т. аттуу жаран 12-июль күнү аталган каналга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерине ӨКМдин 38 куткаруучусу, ИИМден 10 кызматкер жана туугандарынан 20, жалпы 68 киши чыккан.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




