Ошто каналга түшүп кеткен 21 жаштагы бала изделүүдө
- 12 месяцев мурун
Ош шаарында кечээ, 12-июль күнү Озгур айылынан агып өткөн Увам каналына түшүп кеткен 21 жаштагы жигитти издөө иштери бүгүн да уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2004-жылы туулган А.у.Т. аттуу жаран Озгур айылынын аймагынан агып өткөн каналга түшүп кеткен. Окуя болгон жерге ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынан 38 куткаруучу тартылган.
Мындан тышкары, издөө иштерине Ички иштер министрлигинен 10 кызматкер жана 20 жергиликтүү тургун тартылып, жалпысынан 68 адам тартылып жатат.
Муну бөлүшүү




