Караколдо кармалган эки жарандын бири — укук коргоочу Камил Рузиев

  • 9 месяцев мурун

Каракол шаарында ири суммадагы акча опуалоого шектүү экөө кармалды. Бул тууралуу Каракол шаардык ички иштер бөлүмү билдирди.

Шектүү эки жаран козголгон кылмыш ишин жабууга жардам беребиз деп, акча опузалашып, 155 миң сомдун бир бөлүгүн алуу маалында кармалган. Алар Каракол шаарынын тургундары, 1988-жылы туулган Е.М. жана 1963-жылы туулган Р.К. аттуу жарандар. Ал эми Р.К. инициалындагы адам – Камил Рузиев экендиги айтылууда. 

Шаардык соттун чечими менен алар тергөө аяктаганга чейин камакка алынды.

Сүрөт: Каракол шаардык ИИБ  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты