«Крокус Ситидеги» терактка байланыштуу дагы үч киши кармалды

  • 4 недели мурун

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) «Крокус Сити Холлдогу» терактка байланыштуу дагы үч киши кармалганын билдирди. Мекеменин 4-апрелдеги маалыматына караганда, алар Москва, Екатеринбург жана Омск шаарларынан кармалды.

Үчөө тең Борбор Азиядан баргандар, бирөөнүн орус жарандыгы бар экени кабарланды.

Алардын экөө кол салгандардын курал-жарак жана машина сатып алуусу үчүн акча которгон, үчүнчүсү жардам бергендерди азгырып, кылмыштын аткаруучуларын каржылаган деп шектелүүдө.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. 3-апрелдеги маалыматка караганда, каза болгондор 144кө жетти, жараат алгандар кеминде 380 адам.

Кылмышка шектүү катары 11 киши кармалганын ФСБ кабарлаган, алардын 10у камакка алынган. Эки айга камалгандардын сегизи теги тажикстандык, бирөө теги кыргызстандык экени белгилүү болгон.

Укук коргоочулар алар кармоо жана сурак учурунда кыйноого кабылганын айтып чыгышкан. Чабуулду ишке ашырган деп шектелип жаткан төрт киши бөгөт чарасы каралган сот отурумуна бети-башы көгала абалда катышкан, алардын бирин сотко медициналык арабага салып алып барышкан. Кармоо учурунда бир кулагы кесилгени тууралуу видеосу тараган киши сотто оң кулагына чүпүрөк чапталып отурган.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган террордук топ алган. АКШ жана Батыш өлкөлөрү терактты дал ушул уюм уюштурган деген пикирде. Ал эми Орусия өзү Украинадан көрүүдө. Украина эч тиешеси жок экенин айтууда.

Сүрөт: TASS.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты