«Крокус Ситидеги» терактка айыпталгандардын адвокаттары коркутууга туш болгону айтылды

  • 1 месяц мурун

22-мартта «Крокус Ситиге» кол салган деп айыпталып жаткандарды коргоого дайындалган адвокаттар коркутууларга туш болууда.

Алардан жараянга катышуудан баш тартууну талап кылып жатышат. Бул тууралуу «Московский комсомолец» басылмасы кабарлады.

Материалдын автору, Москванын кКоомдук байкоочу комиссиясынын мурдагы мүчөсү Ева Меркачева жазгандай, адвокаттардын өзүн жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн өлүм менен коркутуп жатышат. Басман соту буга чейин бул иш боюнча сегиз айыпталуучуну камакка алган.

ТАСС агенттигинин соттогу булагы бир дагы адвокат айыпталуучуларды өз ыктыяры менен коргоого макул болбогонун билдирген. Меркачева белгилегендей, адвокаттар кайсы ишке дайындаларын алдын ала билишпейт. Мыйзамга ылайык, жактоочуларга берилген ишти таштап коюуга тыюу салынат.

Басман соту дүйшөмбүгө караган түнү «Крокуска» кол салууга шектелгендерди камакка ала баштаган. Алгачкы төрт айыпталуучу кыйноо белгилери менен сотко жеткирилген. Алардын экөө күнөөсүн мойнуна алганы айтылууда.

«Крокус Сити Холлго» кол салуу боюнча айыпталгандардын баары өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Иш террордук акт беренеси боюнча тергелүүдө. Соңку расмий маалыматтарга караганда, кол салуудан 139 адам каза болуп, 182 адам жаракат алган.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты