Бишкекте тапанча менен коркутууга шектүү кармалды
- 1 год мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 2025-жылдын 23-майында Бишкекте Карл Маркс көчөсү менен Суванбердиев көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен айдоочулар жаңжалдашкан. Андан соң тараптардын бири, И.Р.Д. чыр-чатактан улам 12 даана 10х28 калибрдеги октору жана 2 магазин менен жабдылган «Grand Power Т 12» маркасындагы травматикалык тапанчасын алып, катышуучуларды өлтүрөм деп коркута баштаган.
Ошол эле күнү И.Р.Д. Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен бирдикте кармалган. Тиешелүү тергөө иш-чараларын андан ары уюштуруу үчүн өткөрүлүп берилди.
Аны жеке текшерүү учурунда өзгөчө жыты бар ак түстөгү порошок салынган желим баштык табылган.
Жогорудагылардын негизинде Октябрь РИИБ тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иштерин жүргүзүү учурунда эки мылтык, жарым автоматтык ок атуучу курал жана аларга тиешелүү ок-дарылары табылган.
2025-жылдын 24-майында Р.И., кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүп жатканы кабарланды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




