Болот Темиров балдарды коркутуу боюнча жарыялаган видеону УКМК чындыкка дал келбейт деди
- 2 месяца мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалыматында, 26-мартта журналист Болот Темиров «Фейсбук» социалдык баракчасына «УКМК Ысык-Көлдөгү балдарды коркутуп жатат. Алардын атасын, ошол эле оор 278-берене боюнча соттошкон. Ага пробация берилген. Бирок андан кийин да алар келип, атасы жокто балдарын коркутуп жатышат» деген аталышта видео тасма жүктөгөндүгү айтылат.
УКМК: “Тарап жаткан ал маалыматты расмий түрдө четке кагып, жарандарды чагымчыл, такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө жана мамлекеттик органдардын расмий маалыматтарына гана көңүл бурууга чакырат. Ошол эле учурда УКМК мындай жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасында баш аламандыкты, талаш-тартышты жаратуу максатын көздөгөндөргө тийиштүү жоопкерчилик тууралуу эскертүүгө аргасыз” деп айтылат маалыматта.
Болот Темиров иликтөөчү журналист, Temirov Live жана «Айт-айт десе» долбоорлорунун негиздөөчүсү, 2022-жылы 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунун чечими менен өлкөдөн чыгарылган. Чечим кабыл алынгандан кийин «Манас» аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана аны күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коштоп кетишкен. Болот Темиров Орусияга депортацияланган. Кийин Жогорку сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган.
Сүрөттө: Болот Темиров. Интернет булактарынан