“УКМК ишкерлерди коркутуп-үркүтүп келген. Мындан ары кандай болот?” Депутаттар маселе көтөрдү  

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 18-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбековду бул кызматка дайындоого макулдук берүү маселеси каралып жатканда, депутаттар бир катар сунуш-пикирлерин билдирди.

-Ишкерлерден суроо-талап түшүп жатты эле, УКМКнын көптөгөн кызматкерлери кармалып жатат. Ушул балдар жеке аудиторлорду жалдап алып, ишкерлерди өз билгениндей текшерип жатышат. Жеке аудиторлор рекомендациялык гана мүнөздө кетет, мамлекеттик аудит, Эсеп палатасыныкы же мамлекеттик экспертизаныкы болушу керек. “Ушунча акчаны силер мамлекетке зыян кылып жатасыңар” деп коркутуп-үркүтүп, ишкерлерди талап-тоноп, кустуруп… ушул нерсени токтотуп бересиздер деген ишкерлердин өтүнүчүн айтып коеюн дедим,-деди депутат Исманали Жороев.

Ал эми депутат Дастан Бекешев коомчулукта бир топ суроолор бар экенин билдирди.

-Маселе эмнеде? Мүлк тартып алуу, мамлекеттин пайдасынабы же башканын пайдасынабы, ушул тенденция болобу, бүтөбү, ушундай суроолор жаралып жатат. Бул — бир маселе. Коомчулукта эң орчундуу маселе, ошону күтүп жатышат. Бир жерден суроого жооп алсак. Силерде, УКМК ичинде “вазелин”, “лизун”, ар кандай аталыштар менен кишилер жүрөт, дагы канча ушундай киши бар? Алар кетеби, жоопкерчиликке тартылса, анда башка кишилер жаңыдан каралабы, ушул маселелерди сурап жатышат. Алар бир топ эле кишилерге зыян келтирген да. Тири шумдук фильмдердегидей, “эртең УКМК келип калабы” деп калтырап турушкан, кандай гана суроо болбосун. Кайсы бир жерде бул туура болгон, ал эми кайсы бир жерлерде ашынып кетишкен. Мындан кийин эмне болорун билгибиз келет, ошону уксак жакшы болот эле, мүмкүн сиз пресс-конференция кыласызбы же азыр жооп бересизби, жакшы болот эле. Анан сураныч, УКМК эмнеге Тик-токту бөгөттөп салды? Анын контенттеринин баары Ютубда турат. Ошондой эле Жогорку Кеңеште УКМК куратору бар. Ал эмне үчүн керек? Спикер бар, вице-спикер бар, биз депутаттар, эмне душманбызбы? Ким жооп берет?-деди депутат Дастан Бекешев.

Депутат Камила Талиева да УКМК төрагалыгына көрсөтүлүп жаткан Жумгалбек Шабданбековго сунуштарын айтты:

-Социалдык тармактарда деструктивдик, кагыштыруучу, чабыштыруучу адамдар чыгып жатат. Бири-биринин үстүнөн заказ берген материалдар, УКМКнын аброюна шек келтирген материалдар чыгууда. Өзүңөр дагы коргоого муктажсыңар, деструктивдүү маалыматтар да чыгып жатат,- деди депутат Талиева.   

Бүгүн, 18-февралда, Жогорку Кеңеш Жумгалбек Шабданбековду УКМК төрагалыгына дайындоого макулдук берди.

Сүрөт: kenesh.kg             

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты