Бишкекте террордук акт тууралуу коркутуулардын автору кармалды
- 8 месяцев мурун
- Видео
17-октябрда козголгон кылмыш иштин алкагында кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган (Террордук актыны жасоо менен коркутуу) кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында жогоруда аталган билдирүүнүн автору, Г.А.К.аттуу Кыргызстандын жараны кармалды. Ал КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына жардыргыч түзүлүштөр орнотулду деп, жашыруун телефон чалгандарды аныктоого байланышкан иш-чаралардын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын аймагында террордук коркунуч тууралуу жалган маалыматтарды жайылтуу фактысы аныкталды.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Украинанын Ярослав Овсюк аттуу жараны Telegram мессенжеринде «Ужас Бишкека» аталышындагы канал ачып, анын атын кийинчерээк «АВЕРСИОН» деп өзгөртүп, ал жерде Бишкектеги мектептерде жана соода борборлорунда болушу мүмкүн болгон террордук актылар тууралуу маалыматтар активдүү таратылгандыгы белгилүү болгон.
Аталган Telegram каналында ’ayana лакап атын колдонуучу Бишкектеги соода борборлорун, тагыраак айтканда, ГУМ, ЦУМ, “Бишкек парк”, “Дордой Плаза”, Asia Mall жана Tommy Mall соода борборлорун жардыруу ниетин билдирген аудио билдирүү калтырган. Бул Бишкек шаарынын калкын дүрбөлөңгө салган.
17-октябрда козголгон кылмыш иштин алкагында кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган (Террордук актыны жасоо менен коркутуу) кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында жогоруда аталган билдирүүнүн автору, Г.А.К.аттуу Кыргызстандын жараны кармалды. Ал КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




