ИИМ окуучуларды коркутуп, билдирүү тараткан кишинин тек-жайын аныктады
- 2 месяца мурун
Ички иштер министрлиги (ИИМ) борбордогу бир катар мектептердин окуучуларын коркуткан киши аныкталганын билдирди.
Милиция кызматкерлери тарабынан коркутууларды тараткан адамдын тек-жайы аныкталды. Ал 2005-жылдын 23-октябрында туулган чет элдик жаран Овсюк Ярослав Михайлович болуп чыкты. Алынган маалыматтар боюнча, аталган жаран мурда Россиянын ИИМи тарабынан телефон аркылуу терроризмге шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн. Анын Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөнү катталган эмес.
Окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугун камсыздоо максатында бардык мектептерде милициянын кошумча күчтөрү тартылган. Келип жаткан бардык билдирүүлөр жана кайрылуулар дароо текшерилип жатат.
Ички иштер министрлиги жарандарды сабырдуулукту сактоого жана дүрбөлөңгө алдырбоого чакырды жана коркунуч жараткан жагдайлар жок экенин билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектеги мектеп окуучуларын коркутуп жаткан кишинин билдирүүлөрү тараган.
Сүрөт: ИИМ




