«Крокус Сити Холлдогу» терактка айыпталгандардын абак мөөнөтү узартылды

  • 2 месяца мурун

16-майда сот «Крокус Сити Холл» концерттик залындагы терактты ишке ашырган деп айыпталып жаткан төрт кишинин камактагы мөөнөтүн узартты.

Соттун чечими менен Мухаммадсобир Файзов, Далержон Мирзоев, Мурадали Рачаболизода жана Шамсидин Фаридуни 22-августка чейин камакта болот. Алардын баары тең Тажикстандын жарандары. Айыпталуучулар сот залына колу-буту кишенделип, камактагы адамдар кийе турган кийимдер менен жеткирилди.

«Интерфакс» агенттиги кабарлагандай, тергөөнүн сырын сактоо жана катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында төрт сот отуруму тең жабык өттү.

16-май күнү түштөн кийин сот дагы төрт айыпталуучуну ушундай эле мөөнөткө камакта калтырды. Алар: Назримад Лутфуллои, Жумахон Курбонов, Якубжон Юсуфзода жана Мухаммад Шарипзода.

Быйыл 22-мартта болгон «Крокус Сити Холлдогу» терактта бери дегенде эле 144 киши каза тапкан. Алардын айрымдарын кол салгандар атып өлтүрсө, көбү имараттагы өрттөн улам каза болушкан.

Бул теракт үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук уюму өз мойнуна алган. Орус тарап теракттын артында Украина турушу мүмкүн деп эсептөөдө. Киев айыптоолордун баарын четке кагууда.

Теракттын аткаруучулары катары кармалгандар колго түшүрүү жана сурак маалында кыйноолорго кабылганы айтылып келет.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты