Кремлдин манипуляциясы: Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүсү тууралуу маалыматтагы айырмачылыктар

Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары өлкө башчысы Шавкат Мирзиеев менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин 25-февралдагы телефон сүйлөшүүсүн Ташкент менен Москва ар түрдүү ачыктап жатканын жазып чыгышты. 

Өзбек президентинин басма сөз кызматы сүйлөшүүдө өзбек-орус кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери талкууланганын билдирген.

“Өлкө башчылары соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү бирдиктүү долбоорлорду илгерилетүү боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыгышты. Ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартиби, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алмашуу болду”, — деп жазылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Кремлдин манипуляциясы: Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүсү тууралуу маалыматтагы айырмачылыктар

Ал эми Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары Кремлдин басма сөз кызматына таянып, сүйлөшүүдө “Донбасстагы жайкын тургундарды коргоо жана Украинаны демилитаризация жана денацификация кылуу” максатында жүргүзүлүп жаткан атайын аскердик операцияга байланыштуу кырдаалдын өнүгүүсү талкууланганын, Шавкат Мирзиеев Орусия тараптын аракеттерине “түшүнүү менен мамиле кыларын” билдиргенин жазышты.

Кремлдин манипуляциясы: Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүсү тууралуу маалыматтагы айырмачылыктар
Кремлдин манипуляциясы: Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүсү тууралуу маалыматтагы айырмачылыктар

26-февралда Өзбекстандын президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов ЖМКдан жана блогерлерден Мирзиеев менен Путиндин сүйлөшүүсү боюнча комментарий берүү өтүнүчү келип жатканын айтып, сүйлөшүүдө өзбек президентинин Украинадагы кырдаал боюнча айткан пикирин ачыктады:

“Орусиянын президенти биздин өлкө башчыбызга атайын операция жүргүзүү себептери жана жагдайлары тууралуу маалымат берди. Өзбекстандын лидери өз кезегинде тараптар жакын арада кырдаалды жөнгө салуунун жана анын мындан ары курчушуна жол бербөөнүн өз ара алгылыктуу жолдорун табат деген үмүтүн билдирди”. 

Асадов мындан тышкары Өзбекстан бул маселе боюнча тең салмактуу, бейтарап позицияны карманарын баса белгилеген.

“Биздин өлкө Орусия сыяктуу эле Украина менен дагы тыгыз достук мамиледе. Биз бул аймакта тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга кызыкдарбыз. Бардык талаш-тартыштар жана келишпестиктер эл аралык укуктун негизинде гана чечилүүгө тийиш”, — деп билдирди Шерзод Асадов.

Кремлдин манипуляциясы: Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүсү тууралуу маалыматтагы айырмачылыктар

Белгилей кетсек, бүгүн, 26-февралда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Украиндагы кырдаал боюнча пикир алмашты. Өлкө башчыларынын сүйлөшүүсү тууралуу  Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы тараткан маалымат менен Кремлдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө дагы чоң айырма бар экени байкалды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты