МинКаб төрагасы Касымалиев Ташкентте президент Шавкат Мирзиеёв менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту

Анда МинКаб төрагасы Ташкент инвестициялык эл аралык форуму аймактагы инвестициялык кызматташуу тармагындагы негизги иш-чарага айланганын белгиледи.

Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлор жана демилгелер жигердүү илгериленип, аймактар аралык кызматташуу өнүгүп, тиешелүү “жол карталарында” бекитилген макулдашуулар ийгиликтүү ишке ашырылып жатканы сүйлөшүлдү.

Мындан тышкары жолугушууда алдыдагы жолугушуулар, иш-чаралар, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын катышуусунда көп тараптуу маанилүү окуялар белгиленгенин, аларды уюштуруп өткөрүүгө кыргыз тарап активдүү даярдыктарды көрүп жатканы жана анын алкагында бир катар документтерге кол коюлаары айтылды. 

Жолугушуу Ташкент инвестициялык V эл аралык форумунун алкагында өткөрүлдү.

16-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Ташкент шаарына барды. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Борбор Азия эл аралык көргөзмө борборуна (Central Asian Expo Uzbekistan — CAEx) барды. 

Кыргыз делегациясын Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин, Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин жетекчилери тосуп алышып, борбордун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти. 

CAEx эл аралык көргөзмө борбору — Борбор Азиядагы эң ири жана заманбап көргөзмө аянтчаларынын бири. Ал Көргөзмө индустриясынын дүйнөлүк ассоциациясынын (UFI) жана Эл аралык көргөзмөлөр жана иш-чаралар ассоциациясынын (IAEE) мүчөсү.

Эл аралык стандарттарга жооп берген ири хаб жана жалпы аянты 40 миңден ашун чарчы метрди ээлеген бизнес аянтчада — айыл чарба, кайра иштетүү, химиялык, электротехникалык жана жеңил өнөр жай, геология, машина куроо, энергетика, жасалма интеллект жана маалыматтык технологиялар сыяктуу көргөзмө залы менен менен таанышты. 

Иш сапар алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты