Жапаров менен Путиндин сүйлөшүүсү: Бишкек жана Москванын маалыматындагы айырмачылыктар

Президент Садыр Жапаров 26-февралда Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинадагы кырдаал боюнча пикир алмашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Президенттин администрациясы тараткан маалыматта өлкө башчылары кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибинде турган актуалдуу маселелерин талкуулаганы жана эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышканы айтылат.

Маалыматта мындан башка деталдар жана мамлекет башчыларынын пикирлери берилген эмес. 

Жапаров менен Путиндин сүйлөшүүсү: Бишкек жана Москванын маалыматындагы айырмачылыктар

Ошол эле маалда Кремлдин сайтына жарыяланган маалыматта кыргыз тарап демилгелеген сүйлөшүү учурунда  Жапаров Минск макулдашуусу Украинанын айынан үзгүлтүккө учуруганын айтып, Орусиянын “Донбасстагы жайкын тургундарды коргоо боюнча чечкиндүү аракеттерин” колдой турганын билдиргени айтылат.

“Стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык боюнча  орус-кыргыз мамилелерин ар тараптуу чыңдоо ниети ырасталды. Путин Жапаровго принципиалдуу тилектештиги үчүн ыраазычылык билдирди”, — деп жазылат Кремлдин сайтында.

Жапаров менен Путиндин сүйлөшүүсү: Бишкек жана Москванын маалыматындагы айырмачылыктар

Кызыгы, орусиялык “РИА Новости” басылмасы жогорудагы кабарды берип жатып, Владимир Путин менен Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбековдун кол алышып жаткандагы сүрөтүн койгон. Сүрөткө “Владимир Путин жана Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жолугушуу учурунда. Архивдик сүрөт” деп түшүндүрмө берген.

Жапаров менен Путиндин сүйлөшүүсү: Бишкек жана Москванын маалыматындагы айырмачылыктар

Басылма социалдык тармактарда дагы аталган кабарды Путин жана Жээнбековдун сүрөтү менен бөлүштү.

Жапаров менен Путиндин сүйлөшүүсү: Бишкек жана Москванын маалыматындагы айырмачылыктар

Кырнеттин колдонуучулары орусиялык басылманын бул кадамын “Кыязы, орус ЖМКлары Кыргызстанда президент 2020-жылы эле алмашканын билишпейт көрүнөт” деп шакабага алышты.

Жапаров менен Путиндин сүйлөшүүсү: Бишкек жана Москванын маалыматындагы айырмачылыктар

Жыйынтык: Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин телефон сүйлөшүүсү тууралуу Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы тараткан маалымат менен Кремлдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө чоң айырма бар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты