Садыр Жапаров: Өлүм жазасын киргизүү маселеси эл менен кеңешилет
- 9 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө байланыштуу өлкөдө аялдарга жана балдарга карата жасалып жаткан оор кылмыштарга жаза чараларын күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу ал «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, педофилия жана адам өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштарга өлүм жазасын колдонуу боюнча коомчулуктан сунуштар түшүүдө. Бул маселе коомдук талкууга коюлуп, андан соң референдум аркылуу чечилмекчи.
“Азыр XXI кылым. Техниканын заманы. Эгер тергөө видеодалилдер менен жүргүзүлүп, сот процесси толугу менен онлайн көрсөтүлсө, күнөөсүз адамды жазага тартуу кыйын. Ошондой эле, соттук териштирүүлөргө эки тараптын жакындары катышса, элдин ишеними дагы жогорулайт. Андан сырткары, эки жактын өкүлдөрүнөн сотко катыштыруу маселесин дагы караса болот. Мисалы, кечээки зөөкүрдүн энеси интернет аркылуу элге кайрылуу жасап, «балама эң жогорку жазаны бергенге макулмун» дебедиби. Ошондуктан сот процесстерге жакындарынан катыштырсак, өз көздөрү менен көрүп ынанышат да”, — деди Президент.
Ал ошондой эле өлүм жазасы коррупция фактыларына карата колдонулбай турганын баса белгиледи. Анын айтымында, коррупция боюнча башка катуу мыйзамдар бар жана алар өзүнчө иштейт.
Эгер коомчулук колдосо, Конституциянын 25-беренесине өзгөртүү киргизилип, эл аралык келишимдерден чыгуу маселеси да каралат.
“Адамга өлүм жазасын бериш оңой иш эмес. Ошондуктан абдан дыкат карашыбыз керек. Бул жагын жетимиш өлчөп, бир кесебиз”, — деди Жапаров.




