Конституциялык сот Курманбек Бакиев келсе, соттук ишин кайра кароого мүмкүн экенин билдирди    

Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин кызыкчылыгын көздөгөн Икрамидин Айткуловдун кайрылуусуна байланыштуу 11-апрелде ага жообун жарыялады.

Ишти кароонун жыйынтыгы боюнча Конституциялык сот төмөнкүдөй тыянактарга келди.

Сырттан соттоо тартибинде соттолгон ар бир адам Кыргыз Республикасынын аймагына келген шартта, ал сотко келүүнү өз ыктыяры менен чечкендигине же бул компетенттүү органдардын ишинин натыйжасы болгондугуна карабастан, анын түздөн-түз катышуусунда ишти кайра кароого анык мүмкүнчүлүккө ээ болууга тийиш.



«Демократиялык мамлекетте укук тартибин калыптандыруу жана чыңдоо ар кандай укук бузуу үчүн, ал ким тарабынан жасалганына карабастан, жазанын болбой койбостугу принцибин шартсыз сактоого жана ишке ашырууга негизделген. Күнөөлүүлөрдү өз убагында жазалоо жана анын болбой койбостугу гана жарандарда учурдагы укук тартибинин бузулбастыгы жөнүндө түшүнүктү жаратат, адилеттүүлүккө жана мамлекеттик бийликтин кубаттуулугуна ишенимди бекемдейт, алардын өмүрү, саламаттыгы, мүлкү, укуктары жана кызыкчылыктары ишенимдүү корголот деген ишеничти бекемдейт» деп билдирди Конституциялык сот.

«Ошону менен бирге, Конституциялык сот, сырттан өндүрүштүн арналышынын белгиленген талашсыз маанилүүлүгүнө карабастан, мамлекет тарабынан кепилдиктердин берилиши шартында да, анын ичинде адвокаттын катышуусу аркылуу коргоо укугу да айыпталуучунун жоктугун толук ордун толтура албай тургандыгын унутпоо керектигин белгилейт. Анын сот отурумунда жеке катышуусу гана тараптардын чыныгы атаандаштыгын жана тең укуктуулугун, иштин жагдайларын жана далилдерди айыпталуучунун өзүнүн көз карашы жана аргументтери менен баалоо мүмкүнчүлүгүн камсыздай алат».

Демек, сырттан соттоо тартибинде соттолгон ар бир адам Кыргыз Республикасынын аймагына келген шартта, ал сотко келүүнү өз ыктыяры менен чечкендигине же бул компетенттүү органдардын ишинин натыйжасы болгондугуна карабастан, анын түздөн-түз катышуусунда ишти кайра кароого анык мүмкүнчүлүккө ээ болууга тийиш» деп Конституциялык сот тыянак чыгарды.

2010-жылы бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Бакиевдин иши боюнча Конституциялык сотко кайрылган. Бул тууралуу Конституциялык соттун сайтына 9-декабрда жарыяланган.

Маалыматка ылайык, жактоочу кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талашылып жаткан ченемдеринде тергөө органдарынын сырттан айып коюу жана кылмыш ишин айыптоо актысы менен сотко жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуучу ченемдердин жоктугун билдирген. Анын пикири боюнча, бул айыпталуучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузат.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде Кыргызстандын бозгундагы мурдагы президенти Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

«Ал эми Курманбек Бакиев боюнча деле ушундай маселе. Ячейкаларда канча акча болгон. Максимдин офисинен уурдалып кеткен алтын концентраты жөнүндө сөз болуп жатат. Канча тонна болгон? Апрель, июнь окуялары жана башка иштер боюнча ал кишиден да экинчи тарап катары угуп, иштерди жыйынтыктап койбойлубу. «Кантип эле ушул турган Москва менен Минскден алып келе албай жатасыңар» деп 15 жылдан бери жалпы эл талап кылып келе жатпайбы» деди Садыр Жапаров.

Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минскиде баш калкалап келет. 2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын жеке өзүнө жана жакындарына каршы онго жакын факты боюнча айып тагылган. 

Сүрөттө: Бозгундагы мурдагы президент Курманбек Бакиев. Интернет булактарынан



Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты