Агартуу министрлиги: Пенсия курагындагы мугалимдерди жумуштан алуу маселеси каралган жок

Агартуу министрлиги пенсия курагындагы мугалимдер иштей бере тургандыгын, аларды массалык түрдө жумуштан алуу маселеси каралып жатпаганын билдирди.

«Агартуу министрлиги педагогикалык кызматкерлерди жаш курагына карап, басмырлоо саясатын жүргүзбөйт жана жүргүзүүнү пландабайт. Билим берүү тармагындагы бардык чечимдер Кыргыз Республикасынын Конституциясын, эмгек мыйзамдарын, ошондой эле эл аралык ченемдерди жана милдеттенмелерди сактоо менен кабыл алынат. Министрлик көп жылдар бою билим берүү системасын өнүктүрүүгө, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого жана квалификациялуу кадрларды даярдоого баа жеткис салым кошуп келе жаткан улуу муундагы педагогдорго терең урмат-сый менен мамиле кылат» деп айтылат билдирүүдө.

Учурда билим берүү уюмдарында пенсия курагындагы 15 миңге жакын педагог эмгек ишмердүүлүгүн улантып келет. Ушундай шартта кардрдык жактан көйгөйлүү маселелер бар экенидигин белгиледи:

«Ошол эле учурда билим берүү системасында комплекстүү жана салмактуу мамилени талап кылган айрым кадрдык маселелер бар экендигин белгилей кетүү зарыл. Бул өзгөчө айрым аймактарга жана билим берүү уюмдарына тиешелүү. Педагогикалык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылгандан кийин билим берүү уюмдарына жумушка орношууга кызыкдар адамдардын, анын ичинде жаш адистердин саны өсүүдө. Ушуга байланыштуу министрлик жаш адистерди тартуу менен тажрыйбалуу педагогдордун кесиптик дараметин сактоонун ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылууга багытталган кадр саясатынын ар кандай ийкемдүү механизмдерин кароодо. Мында пенсия курагындагы мугалимдерди массалык түрдө жумуштан алуу маселеси каралып жаткан жок» деди билдирүүдө Агартуу министрлиги.

Сүрөт: Агартуу министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты